19-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 217 миң 247ге жетти. Алардан 84 миң 83 адам айыгып ооруканадан чыкса, өлүмдүн саны 8 миң 784кө жетти.
Вирустун очогу болгон Кытай Эл Республикасында вирусту жуктургандар 81 миң 137 адам болуп, алардын 70 миң 525и оорудан айыкса, 3 миң 249 адам вирустан каза болду.
Вирустун экинчи очогу болгон Италияда көрсөткүч дагы деле жогорулоодо. 35 миң 713 адам вируска кабылып, 4 миң 25 адам ооруканадан айыгып чыгарылды, ал эми 2 миң 978 адам көз жумду.
Өлкө аймагында оорунун жайылуусу боюнча 3-орунда турган Иранда 17 миң 361 вируска кабылган учур катталып, анын 5 миң 398и айыкса, 1 миң 135 киши каза болду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.