"Коронавирус аныкталган 3 адамдан тышкары дагы 2 жаран ооруканага жаткырылган, алардын анализдери таза чыкты" дейт министр

Бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында кечээ, 18-мартта айтылган 3 адамдан башка адамдардан коронавирус аныктала электиги айтылды.

"Учурда расмий түрдө өлкө боюнча вирус жуктурган 3 факты катталган бойдон турат. Алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.

Алар менен бирге дагы 2 адам жаткырылган. Булар Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келген жүргүнчүлөр. Айтылган эки адамдан коронавирус аныкталган жок, алар эпидемиологиялык анамнез (ред. текшерилип жаткан адамдын өзүнөн ким менен контакт болгондугу жана кайсы жактарга баргандыгы тууралуу маалымат алуу менен медициналык иликтөө жүргүзүү) иликтөөсүнүн негизинде изоляцияга алынган. Учурда бул жарандардын абалы канааттандырарлык жана температурасы стабилдүү. Аларга симптоматикалык дарылануу жүргүзүлүп, антибиотик терапиясын алып жатышат.

Мындан тышкары дагы бир жаран кечээ жаткырылды, андан анализ алынды. Жыйынтыгы эртең чыгат. Жаткан 6 адамдын экөөсү аял кишилер" , - дейт министр.

Министр: “Умрадан келгендер дароо текшерүүдөн өтпөгөнүнө күнөөлүүлөрдү издеген туура эмес“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан