Казакстанда эл аралык каттамдар 20-июндан тартып учуп баштайт

Казакстан Түркия, Кытай, Таиланд, Түштүк Корея, Грузия жана Японияга эл аралык каттамдарын ишке киргизе баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКлары жазышты.

Казакстан Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын келип чыгышын жана жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштары менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун картасы боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын деңгээлин эске алуу менен, 20-июндан баштап Түркия, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Грузия жана Кытайга эл аралык каттамдар акырындык менен кайрадан жүргүзүлө баштайт. Эл аралык маршруттар боюнча рейстердин саны авиакаттамдар боюнча өкмөттөр аралык макулдашуулар жана ар бир каттамда аба кемелеринин коммерциялык жүктөлүшүнө жараша болорун белгилешти.

Рейстер жана билеттерди сатыкка чыгаруу авиакомпаниялардын сайттарында жарыяланган графикке ылайык жүргүзүлөт. Анткени график жогоруда аталган мамлекеттер менен мамлекеттик чек аралар аркылуу жарандардын кыймылына чектөө алынышынан жана санитардык коопсуздук шартында эпидемиологиялык кырдаал жакшыруусунан көз каранды болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-06-12 19:08:39
Россиячы бизге Кыргызстан-Казакстан-Россия жолу ачылса эле болду эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан