Инфекциялык ооруларга каршы аракет көрүү боюнча Кытайдагы борбору 11-февралга карата статистиканы эсепке алуу менен, анын негизинде коронавирус менен жабыркагандардын картинасын түзүп чыкты.
Ага ылайык, коронавирус эң көп улуу курактагы адамдарга кооптуу. Оорунун күчөп кетүүсү жана илдеттен улам каза болуу тобокели инфекцияны жуктуруп алган адамдын жашына жараша жогорулайт. Ошол эле учурда вирусту балдар да, жаштар да жайылта алышат. Жуктуруп алгандарда оорунун симптомдору өнүкпөй деле калышы мүмкүн, бирок алар баары бир улуу жаштагы туугандарына коркунуч жарата алышат.
Бул маалымат топтомуна коронавирус аныкталган гана учурлар киргизилген.
Коронавирустан каза болгондордун жаш курагы:
1. 0-9 жаштагылар - 0 пайыз
2. 10-19 жаштагылар - 0,2 пайыз
3. 20-29 жаштагылар - 0,2 пайыз
4. 30-39 жаштагылар - 0,2 пайыз
5. 40-49 жаштагылар - 0,4 пайыз
6. 50-59 жаштагылар - 1,3 пайыз
7. 60-69 жаштагылар - 3,6 пайыз
8. 70-79 жаштагылар - 8 пайыз
9. 80+ жаштагылар - 14,8 пайыз