Казакстанда учурда 44 адам коронавирус менен жабыркап жатат

Бүгүн, 19-мартта саат 15:00гө алынган статистикага ылайык, Нур-Султан шаарында дагы 7 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар буга чейин коронавирус аныкталган жарандардын жакындары экени белгилүү болду. Жаш курактары 25 жаштан 52 жашка чейинкилер деп билдирет өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Учурда коронавирус менен жабыркагандардын жалпы саны 44кө жетти. Жабырлануучулардын 25и Нур-Султан шаарында, 19у Алматы шаарында катталды. Алматы шаарындагы инфекциялык ооруканада жаткандардын биринин абалы оорлошуп кеткени кабарланды.

Мындан тышкары дагы эки Казак жараны коронавирус менен жабыркап, анын бири Германияда, экинчиси Венгрияда дарыланып жатканы маалымдалды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sher-
2020-03-19 17:04:22
өлгөндөр боло элек экенби казакстанда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан