30-апрелден 4-июнга чейин жеке ишкерлерге 1 миллион 800 миң сом айып салынды

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн жарандар жумушка чыгышы менен бир катар айыптар салынып жатканын билдирди.

"30-апрелден 4-июнга чейин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактап, аткарылышын тийиштүү органдар тарабынан экономикалык ишмердүүлүгүн жанданткан 11 миң 16 объект текшерилген.

Мындан улам республика боюнча 1250 айып салынып, жалпы суммасы 1 миллион 855 миң сом болгон. Ошондой эле 5 миң 546 жазма буйрук жана 397 эскертүү берилип, 1 миң 271 протокол түзүлгөн", - деди Үсөнбаев.

Алар:

Баткен облусунда 843 текшерүү жүрүп, 67 объектке 870 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Жалал-Абад облусунда 930 текшерүү жүрүп, 119 жерге 142 миң 500 сомдук айып салынган.

Талас облусунда 317 текшерүү жүрүп, 43 жерге 46 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Ысык-Көл облусунда 1 миң 917 текшерүү жүрүп, 82 объектке 125 миң сом айып салынган.

Чүй облусунда 683 текшерүү жүрүп, 96 объектке айып салынып, анын суммасы 135 миң сом болгон.

Нарын облусунда 288 текшерүү жүрүп, 40 жерге 40 миң сомго айып салынган.

Бишкек шаарында 1 миң 283 текшерүү жүрүп, 394 объектке 566 миң 500 сомдук айып тагылган.

Ош облусунда 4 миң 670 текшерүү жүрүп, 8 миң 473 протокол түзүлүп, 15 эскертүү берилип, 408 жерге 711 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
isarti
2020-06-06 12:45:59
Айыпты жазыпсынар, канчасы толоду.
+1
tilek121277
2020-06-06 14:29:19
Кыйраттынар кыйналып турган элди
0
Ilimbek010996
2020-06-06 16:49:13
Банкрот болгон ишкерлерге жардам бердиңерби? Айыпты го салыпсыңар.
0
uli0404
2020-06-07 08:59:57
Өзү кыйналып турган эл силердин айып пулуңарды төлөйбү же балдарын багабы.элдида ойлогула жеп жутарлар.
0
Birimdik5555
2020-06-07 23:44:23
Ош 711мин,эн коп жеке ишкерлер Ошто бекен Бишкектен дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан