Бишкектеги 4 райондо күндүзгү стационарлар ачылып, анда абалы жеңил жана орто деп бааланган алгачкы оорулууларды кабыл алуу башталды. Жаңы ачылган борборлорго медициналык жабдуулар жана жабдыктар керектелет. Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы фармацевтикалык компаниялардын, дарыканалардын өкүлдөрүн кызматташууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Ар бириңиздер пандемия учурунда шаарыбызга жардам көрсөтүп, дары-дармектерди сатуу үчүн өзүңүздөрдүн соода жабдууларыңыздарды стационарларга орноштура аласыздар. Мобилдик дарыканаларга орун акысыз берилет. Бардык уюштуруу маселелери, анын ичинде электр энергиясы менен камсыз кылуу жана башка шарттарды көрсөтүү мэриянын эсебинен чечилет. Ишкерлердин маселеси стационарларды дары-дармектер менен камсыз кылуу.
Урматтуу ишкерлер, биз сиздерден стационарларга жабдууларды алууга жардам көрсөтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Кийин биз аларды өзүңүздөргө кайтарып беребиз", - дешти мекемеден.
Эгер стационарларга дарыканаларды ачып же концентраттарды алып келе турган болсоңуз, райондордун акимдеринин орун басарларына кайрылыңыздар:
Биринчи Май району - 0(551) 008-989;
Октябрь району - 0(772) 157-976;
Свердлов району - 0(551) 571-823, 0(999) 855-558;
Ленин району - 0(555) 184-328.
Вирусту биргеликте жеңебиз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар!