19-22-мартта Казакстандын Алматы шаарынан 160 Кыргыз жаранынын келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу коронавирус боюнча түзүлгөн ыкчам штабдан кабарлашты.
Өлкөгө келүүсү күтүлүп жаткан жарандар турист катары эс алууга чыгышкан. Учурда алардын тизмелери түзүлүп, жарандарыбызды алып келүү боюнча алдын ала чаралар жүрүп жатат дешти штабдан.