Бүгүн Нарын жана Ош облусуна медицина кызматкерлеринен турган эки бригада жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 10-апрель күнү Бишкек шаарындагы жогорку квалификациялуу медицина кызматкерлери Нарын жана Ош облусуна жөнөп кетишти. Өз каалоосу менен чогулган топто инфекционист, эпидемиолог, педиатр, үй-бүлөлүк дарыгерлер бар. Алар өлкөдө Covid-19 инфекциясы жөнгө салынганга чейин барган аймактарында кызмат өтөшөт.
Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Ош шаарына жана Ош облусуна ооруканалардагы коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин окуясын териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн алдыңкы адистерди жөнөтүү чечими кабыл алынган.
Ар бир медицина кызматкери керектүү коопсуздук каражаттары менен камсыздалган. Ошондой эле алар өздөрү менен коргоочу костюм, бет кап, кол кап жана башка каражаттарды алышкан", - деп жазылат маалыматта.