19-мартка карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны өзгөргөн жок.
Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны бар рейсте толук такталган маалымат боюнча 135 эмес, 144 жүргүнчү келгени маалым болду. Алар 12-мартта Сауд Арабиядан кичи ажылык сапарынан кайтып келишкен.
144 жүргүнчү Кыргыз өлкөсүнүн 6 облусунун жана Бишкек шаарынын тургундары.
"Насыялар боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат". Улуттук банк коронавируска байланыштуу токтом кабыл алды.
Калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга кеч өтмөй болду.
Өкмөт башчы жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдыруу боюнча сунуш бир аптадан кийин кырдаалга жараша кабыл алынарын айтты.
Коронавирустун жайылышын алдын алуу иш-чаралары үчүн атайын эсеп ачылды.
18-марттагы кабарлардын ток этерин эле окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.