Бишкекте жеңил унаанын үстүнө жатып алып бара жаткан балдар кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 19-март күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек шаарынын мэри жана Бишкек ШИИББинин башчысы катышкан рейдде Аалы Токомбаев көчөсүндө жеңил унаанын үстүндө жатып алып бара жаткан жарандардын аты-жөнү такталды. Алар милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалып, 2001-жылы туулган Г.Н. жана 2001-жылы туулган Т.Н. экени аныкталды.
Балдар Октябрь РИИБине өткөрүлүп берилди. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, унаанын айдоочу 2001-жылы туулган И.Р.га эреже бузуу боюнча протокол түзүлдү деп жазылат маалыматта.