Дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн шаштысын алып турган коронавирус илдети тууралуу азыркы тапта ар бир адам кабардар болсо керек. Ооругандардын жана каза болгондордун саны боюнча Италия Кытайдан кийинки эле орунда турат.
Үйдөн чыкпай отурган италиялыктар бири-бирин колдоо жана окшош күндөргө аз да болсо боёк кошуу максатында балкондорго чыгып, чакан концерттерди тартуулашууда. Төмөндөгү видеодо коңшулар биргеликте музыкалык инструменттерде белгилүү музыкаларды ойноп жатканын, ал эми башкалар аны муюп угуп, кол чаап коштоп жатканын көрүүгө болот. Муну менен эле тим болбостон балкондо ырдап, ал тургай бийлеген италиялыктардын видеолору тараган.