Премьер-министр Кубатбек Боронов мектептерде жылуулук жагы толук камсыз болууга тийиш экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-октябрда маалымат жыйында билдирди.
“Окуу процессин баштардагы чоң маселелердин бири – кышка даярдык. Жогорудагылар менен биргеликте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды кышка карата жылытуу маселелерин азыртадан баштап толук камсыздоо боюнча катуу тапшырмалар берилди. Аба ырайы сууктап кетсе, балдарды муздак мектептерге алып барып алып, оорутуп албаш үчүн эртелеп от жагып жылытууга туура келет. Азыртадан терезелерди жылуулоо иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде мектеп суук болсо, анда ошол аймакта азырынча окууну баштабай турса болот. Ошондуктан ар бир аймактын, облустун жетекчилери бул жагын карап, кайсы мектептерде окууну баштоого уруксат берет, аны өздөрү чечиши зарыл. Мектептерде жылуулук жагы толук камсыз болууга тийиш", - деди ал.