Дүйнөлүк уюм келечекте COVID-19 пандемиясын алдын алуу боюнча келишим иштеп чыгат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму келечекте пандемияга каршы күрөшүү боюнча келишим иштеп чыгат. Уюмдун ассамблеясынын кезексиз сессиясынын жыйынтыгында пандемиянын алдын алуу, аларга даярдыкты жогорулатуу жана коомдук саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча глобалдык документтин үстүндө иштөө боюнча маселе талкууланган. Бул туурасында аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

"COVID-19 пандемиясы илдеттен коргоонун глобалдык тутумундагы көптөгөн боштуктарды ачыкка чыгарды. Эң аялуу адамдар вакциналарды ала алышпайт, медицина кызматкерлеринин өмүрүн сактап калуу үчүн жабдуулары жок жана өзүмчүл мамиле глобалдык коркунучка каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон тилектештикти бузат", - деген уюмдун башкы директору Тедрос Гебрейесус.
Гебрейесус ошол эле учурда дүйнө саясий эрк жана тилектештик менен ийгиликке жетүүгө мүмкүн экенин ынанганын белгиледи. Тагыраагы, эффективдүү вакциналарды мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө иштеп чыгуудан баштап, келечекте пандемияга каршы күрөшүүдө глобалдык кызматташуу боюнча бүгүн жетишилген макулдашууга чейинки ийгилик деп атаган Гебрейесус.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан