Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаарындагы мечиттерде жума намазына адамдар киргизилген жок. Мечиттер милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынса, айрым мечиттерге кулпу салынып, адамдар киргизилген жок.
"Азыркы кырдаалга байланыштуу Муфтияттын бул чечими туура эле. Адамдар интернеттен окуганбы билбейм, бүгүн мечитке адамдар аз санда эле келип, кээ бири туура түшүнүшсө, кээ бири бизди урушуп кетип жатат. Биз жөн гана кызматыбызды аткарып жатабыз", - деп билдирди милиция кызматкери.
Буга чейин өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушев кырдаал турукташканга чейин жарандарды жума намазын чогулуп окууну убактылуу токтоткон.