Италия чек арасын 3-июндан тартып ачат

Италиянын бийлик өкүлдөрү чек ара 3-июндан тартып ачыларын айтышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 3-июндан тартып өлкөнүн жарандарына чет өлкөгө чыгууга жана чет элдик жарандарга өлкө аймагына кирүүгө уруксат берилди.

Өлкөнүн жашоочулары үчүн 18-майдан тартып бир аймактан экинчи аймакка барууга уруксат берилет.

Ошондой эле коммерциялык ишканалар эрежелерди так сактоо менен иштөөгө уруксат алышат.

Италияда жалпы 224 миң адам коронавирус жуктуруп алган болсо, анын ичинен 120 миң жаран айыгып чыккан. Ал эми 31 миң 610 жаран оорудан көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kanchoroasanuulu
2020-05-16 15:34:42
Россия качан ачат болду экен....
+2
KalenAlmaz
2020-05-16 16:01:53
Туристтер багат да Италияны.Пляждар ачылып атат сезондон кур калбайлы деп атышканын.
+1
KalenAlmaz
2020-05-16 16:08:19
Биздин Ыссык-Колубузго жетпейт!!!Суунун тазалыгын айт.Коз тийбесин!!!!!
+2
ZUXRIDDIN20
2020-05-16 18:37:35
Бизде 1000, 2000 вирус болуп алиге чейин ачылбай жатат таможный , мектеп бала бакчалар а Италия, Германия кече эле кыйрап, өлүп жатып 10 күндөрдон кийин ачып салса кандай адилетсиздик.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан