Кыргыз-Казак тышкы иштер министрлери жүк ташуучу транспорттун өтүүсүн жакшыртуу боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маанилүүлүгүн белгилешти

Кечээ, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы турууда эки өлкөнүн өз ара аракеттерин талкуулашты. Ошону менен бирге эле Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүнө байланышкан кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Министрлер жүк ташуучу транспорттун өтүүсүн жакшыртуу боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маанилүүлүгүн белгилешти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Store
2020-04-14 16:00:31
Казкелер дей берет, деп алып пошел деп Биздикилерди тоотпой билгендерин жасашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан