"Ноорузду майрамдагандар 20 миң сом айып төлөйт" деп маалымат тараткан тескөөчү тартиптик жаза алды

Интернет булактарына укук коргоо кызматкеринин формасын кийген адамдын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан видеосу тарады. Анда Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн тескөөчүсүмүн деген жаран Нооруз майрамын үйүнө конок чакырып алып майрамдаган жарандарга 20 миң сом өлчөмүндөгү айып салынат деген маалыматты айтып жатканын көрүүгө болот.

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде коллегиялык жыйын болгон. Анда токтом чыгарылып, ар бир айылдын айыл өкмөттөрүнө, айыл башчыларына маалымат жеткирилди. Кимде ким үйүнө Нооруз майрамын майрамдап, конок тоссо, үй ээлерине 20 миң сомдон айып салынат. Адамдар чогулган жерлерде адамдын саны 6дан ашпашы керек", - дейт аймактык тескөөчү.

ИИМдин жогорудай маанидеги токтому чыкканынын чын-бышыгын билүү үчүн министрликтин басма сөз кызматына кайрылдык. Басма сөз кызматынын маалыматына караганда аймактык тескөөчүгө туура эмес түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү үчүн эскертүү иретинде тартип жазасы жарыяланган.

"Министрликтин андай токтому тууралуу маалымат жок. Ал эми жогорудагы кызматкердин билдирүүсү боюнча ИИМ тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп ага эскертүү тартиптик жазасы жарыяланды. Ошондой эле ички иштер органынын тартиптик уставынын талаптарын бузгандыгы жана кол алдындагы кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткаруусун начар көзөмөлдөгөндүгү үчүн Терек-Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы тартиптик негизде жаза алды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Муну менен Ноорузду же башка бир майрамды майрамдап, тургундар үй кыдырып, көп болуп бир жерге чогулуп конок болууга уруксат деген чакырык таштабайбыз. Тескөөчү 20 миң сом өлчөмүндөгү айып пул тууралуу гана жалган маалымат тараткан. Ал эми коронавирус пандемиясын жайылтпоо, анын жолун бууш максатында кыргыз өкмөтү жарандарды көчөгө чыкпай, карантин талаптарын сактап үйдө болууларын эскертет.

20-мартка карата Кыргыз өлкөсүндө 6 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Алтыдан көп адам 1 жерге чогулса айып салынабы?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba.8327
2020-03-20 18:50:20
Туура айткан штраф салыш керек 50 миң сом .....
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан