Министрдин орун басары: "Коронавируска каршы күрөшүүгө жардам беребиз дегендер көп"

Коронавируска каршы күрөшүүгө жардам беребиз дегендер көп. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус оорусу тууралуу маалымат жыйында билдирди.

"Коронавирус оорусу өлкөдө көбөйүп кетпеши үчүн бизге көп адамдар жардам беребиз деп кайрылып жатышат. Ишкерлер келип кандай жардам керек деп сураса, айрымдары үйүнөн тамактарынан бери көтөрүп келип, биздин күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине беришүүдө. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнө эмгеги сиңген дарыгерлер дагы кеңештерин айтып жатышат. Мен аларга ыраазычылыгымды билдирем", - деп билдирди.

Бүгүн өлкөдө коронавирус менен ооруган дагы 6 жаран аныкталып, Кыргыз өлкөсүндө ооругандардын саны 12 адамга жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aman97kg
2020-03-21 10:46:25
Кудай өзү сактасын
+1
Nadia68
2020-03-22 01:00:49
Аллахым ыраазы болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан