Бүгүн, 5-сентябрга карата COVID-19 илдети дагы 126 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка караганда, борбор калаада 46 адам илдетти жуктуруп алса, Нарын облусунда 2 адам катталды. Калгандары башка аймактардан:
Чүй облусу – 25;
Талас облусу - 10;
Ысык-Көл облусу – 38;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу - 1.
Өлкө аймагында жалпысынан 176 миң 473 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.