“Көчөдө бет кап жок жүрсөң - 60 миң сом айып пул”. Чехия коронавируска каршы кантип күрөшүүдө? (маек)

Жүздөгөн кыргыз студенттери жана жумушчулары окуп, иштеген Чехияда кырдаал татаалдашып баратат. Европанын так ортосунда жайгашкан бул өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны күн сайын кескин өсүүдө. Чехиядагы азыркы абалды жон териси менен сезип жаткан 28 жаштагы Кыргыз жараны Нургазы Аматов коронавируска каршы күрөш кантип жүрүп жатканын айтып берди.

Чехиянын өкмөтү коронавируска каршы күрөштү кеч баштады”

- Чехияда жашап, иштегениме 8 ай болуп калды. Мени менен чогуу бир үйдө жаш кыргыз үй-бүлөсү жашайт. Бири-бирибизге жөлөк болуп, жардамдашып иштеп келе жатабыз. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө март айынан баштап коронавирус жуктургандардын саны 572ге жетип, алардын бешөөсү оор абалда, каза болгондор азырынча жок. Биз жашаган аймакта 20га жакын адамда коронавирус табылды. Ооругандардын көпчүлүгү Чехиянын борбор калаасы Прагада катталган. Алар “коронавирустун экинчи очогу” делинген Италияда кышында эс алып келгендер болуп чыгууда. Кызыгы, февраль айында Италияда коронавирус массалык түрдө жайылып баштаганда, Чехиянын өкмөтү аталган өлкөдөн келген жарандарды үй карантинине алуу менен гана чектелген. Мындан тышкары март айынын башында Чехияда 5 миңге чейин адам катышчу иш-чаралардын өткөрүлүшүнө чектөө киргизилген эмес. Өкмөт коронавируска каршы олуттуу күрөштү марттын ортосунда гана баштап, алтынга тете убакытты уттурган.

“Чехиянын жашоочулары бет кап, респиратор же ооз менен мурунду жапкан каражатты тагууга милдеттендирилди”

- 12-мартта Чехияда 30 күнгө өзгөчө кырдаал жарыяланган. Мектептер, жогорку окуу жайлар, музейлер, китепканалар, фитнес-залдар, бассейндер жабылып, иш-чаралар өтчү имаратта адамдардын саны 30дан ашпаш керек деген талап коюлган. Мындан тышкары эл аралык каттамдарга чектөөлөр киргизилген жана визаларды берүү убактылуу токтотулган. Бирок вирус жуктургандардын саны буга чейинкидей эле ылдамдыкта өсүп жаткандыктан улам, 16-марттан 24-мартка чейин карантин жарыяланды. Чехиянын жашоочулары бет кап, респиратор же ооз менен мурунду жапкан каражатты тагууга милдеттендирилди. Эгер полиция бул талапты аткарбаган адамды көрсө, ага 20 миң кронго чейин өлчөмдө (болжол менен 60 миң сом) айып пул сала алат. Ошондой эле жашоочуларга үйдөн жумушка, дүкөнгө, ооруканага гана барууга уруксат берилди. Карантиндин мөөнөтү кырдаалга жараша дагы узартылышы толук мүмкүн. Азыр биз ишканалардын жабылбай ишин улантып жатканына кубануудабыз. Эгер иш токтоп калса, үйдө бекер отуруп калабыз. Биз иштеген ишкана ар бирибизге бет каптарды таратып, дезинфекциялоо иштерин күчөттү. Жашаган аймагыбызда эч кандай дүрбөлөң байкалган жок. Соода борборлорунда жана дүкөндөрдө баалар кескин көтөрүлгөн жок унду, макаронду, даарат кагазын массалык түрдө сатып алып жаткандарды да көргөн жокмун.

“Коронавирустун айынан 200 долларым күйүп кетти”

- Январь айында Европада коронавирус чуусу баштала электе, мекениме барып келейин деп интернет аркылуу 300 долларга авиабилет сатып алган болчумун. Февралдын аягында Бишкекке бир жумага учуп барып эс алып келмекмин. Бирок бул жакта кырдаал кескин өзгөрүп кеткен. Мекениме бара алам, бирок кайра кайтып келе албай калуу коркунучу жаралгандыктан, мекенге учуудан баш тарткам. Билет саткан компания 100 долларды кайтарып берип, калган 200 долларым күйүп кетти. Бирок Чехияда калганыма эле сүйүнүп отурам, себеби чек аралар жабылып, бул жакка кайра кайтып келүү убактым созулуп кетип, мени жакшы жумуш менен камсыздап жаткан чехиялык визам күйүп кетмек. Учурда, албетте, мекенибиздеги кырдаал боюнча маалыматтарды күн сайын окуп, “Италиядагыдай болуп кетпесин, элибиз аман болсун” деп тилеп жүрөбүз. Коронавирус Кыргыз жергесине жете электе, анын алдын алуу иштери башталганы жакшы болуптур. Эми бул маселе жакын арада чечилип, мекенибиз бул кырдаалдан аман-эсен чыгып кетет деген ишеничтебиз. Ал үчүн коомубузда тартип, ынтымак жана тилектештик керек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан