Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков "Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:
11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышын пандемия катары жарыялады.
18-23-мартында Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жарандар коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган.
16 фактысы, анын ичинде Ош облусунда 4 факт тастыкталды.
Конституциянын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Өзгөчө абал жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом кылам:
1) коменданттык саат киргизилсин;
2) жарандардын келип, кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;
3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;
4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;
5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;
6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;
7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;
8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;
9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;
10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;
11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;
12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;
13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;
14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;
15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;
16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;
17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:
— өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;
— күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;
— жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;
— коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;
— коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.
1) ушул жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;
2) өзгөчө абал мезгилинде Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.