ЭЛДИК КАБАР: "Сузак, Ноокат районунан келип, текшерилели десек, бизди кабыл албай коюшту" дейт окурман

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман коронавирус боюнча жалпыга таратылып жаткан иш-чаралар толук аткарылбай жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди.

"Мен Бишкектин тургунумун. Жумушка байланыштуу Жалал-Абад, Ош облусунда 1 ай жүрүп, азыркы коронавирус катталган Сузак, Ноокат райондорунда эл менен аралашып жүрүп келдик. Биз 7 кесиптешибиз менен биргеликте Оштон Бишкекке 19-март күнү кечки саат 21:00дө учуп келгенбиз. Аэропорттон текшерилели десек, ал жактан экөө чыгып, "азыр иштебейбиз, жабык" деп коюшту. Үйгө барар алдында күнү-түнү иштейт деген номерлерге чалсак, алар да "азыр иштебейбиз, эртең менен келгиле" дешти. Башка көрсөтүлгөн дагы эки номерге чалсак, алар да "жабыкпыз" деп окшош жооп беришти. Алар эч кандай белгиси жок текшеришпейт экен. Ал эми белгилери 14 күндүн ичинде билинсе, ага чейин кандай болот? "Качан гана жөтөлүп, дене табыңар көтөрүлсө, көрөбүз. Бизге келер алдында жашаган жериңерден терапевттен багыттама кат (направление) алып келгиле" дешти. Өлкөдө ушундай кырдаал болуп жатса, ыкчам текшерүү эмес эле, адат болуп калган бир нече этапты басып өтүү керектигине көзүбүз жетти. Эртеси да ошол маселе менен текшериле алган жокпуз. Айла жок, үйгө келип жашап жатабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
marat_1910
2020-03-21 19:47:05
бидики ушундай да олсон оло бер деендей эдле
+14
Kattaldym
2020-03-21 19:49:23
Оңолбой эле жоголобуз го бул кебетебиз менен...
+8
Nariste...12
2020-03-21 19:51:46
Ушундай корунуш болсо кырылып калабыз го... Ошолор ишин мыкты аткарбаганынан ушундай кунго туш болдук.
+11
katerina.li
2020-03-21 19:58:48
Вот это поворот
0
basyz-kaman
2020-03-21 20:10:10
Шорубуз кайнаптыр анда
+4
JaneEr
2020-03-21 20:20:29
Оорусан ооруй бер дегенида.Анда алар корсотмогобу?Дагы сыйлык беребиз медиктерге дейт
+2
cher2
2020-03-21 20:30:31
Мен да тамагым ооруп аптекага барсам скорийге барып корунуп кел деди ....анан скорийге барып 17-18неделя кош бойлуумун тамагвм ооруп келдим десем сага эч кандай таблетка уколь жазып бералбайбыз деп жолго салышты . Смендеги медиктер дайыма конул кош мамиле жасашат.....
0
stal.ks
2020-03-21 20:33:07
Кагаз турундо иштеп жатышат экена анда, курук оозеки эле айтып коюшуп, иш жузундо жок, алдын ала текшербесе кийин кучоп отушуп кеткенден кийин кыйын болуп калат айыгыш.
+3
Samatalibei
2020-03-21 20:53:09
Бул бийликтегилер карана вирсусту аныктай албай эле баштары айланып жүрөбү! Эмне үчүн мындай оорулууларды текшерүүгө албайсыңар!!! Жооп берчү киши барбы?
+2
Rajo100
2020-03-21 21:01:49
Ошондуктан урматтуу мекендештер вирус жок болгондон кийин бул бийликке талап коюп озубуз жоопко тартышыбыз керек, мен дуйнолук басылмалар аркылуу бул вирус кытайдан чыккандан бери байкоо салып келе жатам. Салыштырмалуу биздин бийлик Италия сыяктуу кош конул мамиле кылды,Кытайдан чыкканына 3 ай болуп жатат бул убакта ото кучтуу даярдык коруп коюш керек эле, азырынча кол топтойлу, вирус токтогон сон окмот, президент и ЖК кетсин
+3
Kylychisa
2020-03-21 21:14:40
Это Кыргызстан детка! деп койчу беле.
+1
BarsBaatyr
2020-03-21 22:31:23
Айта берсең сөз көп. Баягы эле бюрократизм.
+1
omurbekFCB
2020-03-21 22:35:03
Медиктердин куноосу жок
-3
Elya97
2020-03-22 10:49:30
Билбедим кимге ишеничти деле.Озубуго сак бололу кыргыз элим..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан