Румынияда социалдык аралыкты кармоого ылайыкташкан бут кийимдер чыга баштады

Румынияда социалдык аралыкты кармоого ылайыкташкан бут кийимдер чыга баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, мындай бут кийимдердин баш жагы узартылып жасалгандыктан, башка адамдан 1 жарым метр аралык сакталат.

"Бул бут кийимдерди жергиликтүү Григор Луп аттуу өтүкчү колго жасайт. Анын бут кийимдерине Румыниядан гана эмес, Улуу Британия жана Канададан дагы тапшырыктар келип турат. Луптун айтымында, ал мындай бут кийимдерди театр актёрлору үчүн жасап келген. "Биз чындыгында бул бут кийимдерди сатып алууну каалагандар табылат деп ойлогон эмеспиз. Учурда 70-размердеги гана бут кийимдер жасалып жатат. Эгер экинчи толкун келип калса, 75-размердегилерин дагы чыгарабыз" деген ал", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
-BOSS-
2020-06-04 13:20:11
Муну кийип алып пингвинге окшоп темселеп жүрө беришет экен да)))
+2
001KG
2020-06-04 13:26:23
Мунусу эми дагы эмне балее болду? Орус оюндагысын кылат дегендей да эми бул жагы))).
Элестет кийип алып водалаздардай болуп көчөдө калкып жүргөнүңдү)).
+3
Baatirbek81
2020-06-04 14:57:25
Зато кышында кар кечип жүргөнгө удобный)))
0
bond02
2020-06-04 15:19:46
Бул бут кийимди кийген адам коронавирустан эмес чалынып жыгылып олот го.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан