Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-марттан 23-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Чапчыма ашуусусунда, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Кара-Гөө ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан