Коронавирус боюнча республикалык штаб медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү тууралуу маалымат таратты.
"Дарыгерлерге кошумча төлөнүүчү акынын механизми 4 категориядан турат. Азыркы учурда бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады", - деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.
Анын айтымында, медкызматкерлердин 14 күн обсервацияда болуу мөөнөтү кайра каралып чыгып, 7 күнгө чейин кыскарган. Ал эми бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөй – 900 сом бойдон калууда.
Биринчи категория: Казармалык режимде иштеген кызматкерлерге (жугуштуу оорулар бөлүмү, ПИТ бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, вирусологиялык лабораториялар, обсерваторлор, мобилдик бригадалар) 1 сутка үчүн төлөмдөр жаңы механизм боюнча төмөнкүдөй:
Дарыгерлер – 3000 сом (30 пайызга көбөйдү);
Орто медперсонал – 2500 сом (25 пайызга көбөйдү);
Кенже медперсонал – 2200 сом (22 пайызга көбөйдү).
Ошондой эле бул категориядагы медкызматкерлерге обсервацияда жаткандыгы үчүн 900 сом төлөнөт. Анын өлчөмү 7 күн үчүн 6 миң 300 сомду түзөт.
Экинчи категория: Адаттагыдай режимде иштеген медкызматкерлерге (убактылуу түзүлгөн жерлерде, лабораториялар, блокпосттор, обсервация, мобилдик бригадалар) иштеген 1 сааты үчүн төлөмдөр:
Дарыгерлер – 130 сом;
Орто медперсонал –120 сом;
Кенже медперсонал - 100 сом.
Үчүнчү категория: "Тез жардам кызматында" иштегендерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир адамды жеткиргени үчүн төлөнөт:
Дарыгерлер – 750 сом;
Орто медперсонал – 600 сом;
Кенже медперсонал ТОП жана МОП – 500 сом.
Төртүнчү категория: Өлүкканаларда иштеген медкызматкерлерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган жансыз дененин бирөөнү сойгондугу үчүн төлөнөт:
Дарыгерлер – 1250 сом;
Орто медперсонал – 1000 сом;
Кичи медперсонал – 800 сом.