Бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус боюнча маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында министр 12-марттагы Сауд Арабиядан учуп келген жүргүнчүлөр кайсы облустардын тургундары экенин айтты.
"Жалпы 144 жүргүнчүнүн ичинен: Баткен боюнча 8 адам, Жалал-Абад боюнча 48 адам, Ош 63 адам, Чүй 4 адам, Бишкек 19, Нарын 1 адам, Ысык-Көл 1 адам. Булардын ичинен рейстеги 5 адам ооруканада жатат. Калгандары обсервацияда байкоодо.
Дагы бир жолу айта кетейин, биринчи алынган анализдер боюнча кечээ айтылган 3 адамдан гана коронавирус чыкты. Калган жарандардын инкубациялык мөөнөтүн күтөбүз. Андыктан булар дагы ооруну жуктуруп алган деп түшүнбөш керек. Алар болгону 12-марттагы каттам менен учуп келгендер", - деди Космосбек Чолпонбаев.