"Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет", - деп бүгүн, 22-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын биринчи жыйынында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Киргизилип жаткан режим ар бирибиздин жашообузга бир аз оңтойсуздуктарды алып келет. Бирок бул мажбур болгон жана убактылуу чечим экендигин түшүнүү керек. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылат деп сиздерди ишендирип кетем. Башкысы, кымбаттуу мекендештер, инфекциянын жайылышын токтотуу максатында киргизилип жаткан эрежелерди сакташыңыздар керек", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.