Ырчылар тобу башын бириктирип, муктаж адамдарга жардам берүү үчүн акча чогултуп баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы Курал Чокоев билдирди.
"Учурда ырчылар ар жакта чачыранды болуп жүрөбүз. Элге ар ким колунан келген жардамын өз алдынча көрсөтүп жатат. Мындан ары баарыбыз биригип, акча чогултуп, элге жардам көрсөтөлү деп жатабыз. Азырынча командада Актан Исабаев, Жамиля Муратова, Алтынай Нарбаева, Гүлнур Асанова, Сайкал Садыбакасова, Нурлан Насип, Шухрат Якубов, Александр Волкодав бар. Жалпы 100 миң сомго жакын акча чогултуп койдук. Алдыда дагы шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, меценаттарды кайрымдуулукка чакырабыз. Элге азык-түлүк гана бербестен, ким эмнеге муктаж болсо, ошого жараша товар алып берели деп жатабыз. Ал үчүн атайын сайт да ачтык. Анда жардамга муктаж адамдар номерин, дарегин калтырып, керектүү нерселерин жаза алышат. Ал эми экинчи бөлүк жардам бере алган адамдар үчүн болот. Алар кимге кандай жардам бере алат, ошону жазышат. Тизме такталган соң чогулган акчага керектүү товарларды алып, катталган элге жеткирип баштайбыз", - дейт ал.