Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Белгилүү жашаган жери жоктор үчүн дагы шарттар каралууда"

Бүгүн, 22-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берип жатат.

Жыйында жашаган жери жоктор үчүн дагы шарттар каралып жатканы айтылды.

"Белгилүү бир жашаган жери жоктор үчүн министрлик жана коомдук уюмдар тарабынан кам көрүлүп жатат. Аларды дары-дармектер менен камсыз кылуу иштери каралып жатат", - дейт Акматова

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14 адам. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан