Орусия коронавируска каршы вакцинанын прототибин иштеп чыгып, аны сыноодон өткөрө баштады. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, вакцина Орусиянын мамлекеттик вирусология жана биотехнология илимий борборунун кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан.
"Окумуштуулар 16-мартта вакцинанын прототиптерин жаныбарлардын (чычкандар) организмине тажрыйба кылып текшерип башташты. Эгер вакцина сыноодон өтсө, препаратты колдонуу дозасын, курамын адамдын организмине киргизүү жолдорун аныкташ керек. Вакцина бардык лабораториялык изилдөөлөрдөн жана сыноодон өтсө, 2020-жылы эле колдонууга бериле баштайт", - деп жазылат маалыматта.