Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жубайы коронавирус жуктуруп алгандыгы маалым болду. Премьер-министрдин абалы жакшы болгону менен 14 күнгө карантинге алынат деп жазышат чет элдик басылмалар.
"Дарыгерлердин сунушунан кийин Софи Грегуар-Трюдо (премьер-министрдин жубайы) коронавируска тест тапшырып, вирустун белгилери аныкталган. Учурда ал өзүн жакшы сезип, тиешелүү эрежелерди сактап жатат. Ал эми Жастин Трюдо коронавируска тест тапшырбайт, бирок үй шартындагы карантинге алынат", - деп жазылат өкмөт башчынын маалымат катчысынын катында.
Канадада коронавирус биринчи жолу 25-январда катталган. Учурда аталган өлкөдө 138 адам коронавирус жуктуруп алса, 1 адам каза болду. Канаданын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын 79 пайызы 40 жаштан жогорку жарандар.