Ноокатта коронавирустан жабыркап жаткан бейтап каза болду

Бүгүн, 3-апрелде саат 9:00гө карата өлкөдө 9 жаңы оорулуу катталып, коронавирус менен жабыркагандардын саны 125ке жетти. Бейтаптардын бири каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап оорудан каза тапты. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЦР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.

Ошондой эле бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дө брифингде кошумча маалымат берет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Mirlan27011987
2020-04-03 09:36:17
Даваат, умра дегенди токтотуш керек. Кудай сактайт деген тушунук иштебейт.
-32
Usow
2020-04-03 13:33:15
Mirlan27011987,ысык покту жепсин ошол созуночу Кудай сактайт дагы сен ушул жерге оз колун менен жазып атасын.сактабагандда давно олуп кетмексин.
+3
balykchy2012
2020-04-03 09:39:02
Эхх өкүнүчтүү, Аллах бейиштик кылсын. Сабыр берсин Аллахым,
Аллахым ушул оорудан кыргыз элини, дүйнө элдерини сакта, отургандарга шыпаа бер.!
+50
Krai
2020-04-03 09:44:18
Ээ Аллахым ушул пендебиздин жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун арты кайрылуу болсун ушул биринчиси жана акыркысы болсунчу ушул атың очкур оорудан каза болгондор... Бир ууч кыргыз элим ушундай балекеттен эртерээк эле чыгып кетеличи. Мейли ач бололу мейли акчабыз жок болсун эң башкысы тынч бололучу
+36
filis
2020-04-03 09:45:32
Жараткан Тенирим элимди кырсыктан сактасын. Тенирибиз колдосун. Бирге гана жараткан Тенирге ишенип, жакшы умут кылалык.
-58
abusait
2020-04-03 10:17:22
filis, Атайы кылып жатасынго чамасы..
+10
Agayu
2020-04-03 10:01:22
Боору да ооручу экен , эми не демекпиз жаткан жэри жайлуу болсун , ар кандай өлүмдөн сактасын Аллахым .
+17
bibi87
2020-04-03 10:04:46
Дубай, Шарж чет олко эмеспи?
+1
J1irg
2020-04-03 10:11:17
Каситтуу Жаратуучу Тенирим, элимди кырсыктан сактасын. Бар бололук.
-31
Araika
2020-04-03 11:09:07
Аллахым оор кундордон женил чыгууну насип кылсын!!! Эч бир жан оорубаса экен!!! Куноолорубузду кечирсин, мындан ары ысырап кылбай жашасак экен.
+14
Nur777
2020-04-03 11:40:38
Маркум бечара туугандарысыз коюлуптур,окунучтуу..
Жайы жаннаттан болсун.
+7
arimaz89
2020-04-03 12:12:09
Бейиши болсун!
+7
J1irg
2020-04-03 12:27:50
Касиеттуу жараткан Тенирибиз сактасын. Кыргыз элимди Жараткан Тенирим колдосун.
-10
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-03 12:51:59
Аллахым бейиштен орун берсин.Бир теңирчи беш,алты ник менен кирип жаа табан канып жатабы!)
+3
Aikaaaa
2020-04-03 14:38:53
Теңир дейби, же аллах дейби, же кудай дейби, баары бир бирөөле го, ушу тырыша бересиңер да
+3
zamir_kgz
2020-04-03 18:50:56
Aikaaaa, 99 аты бар дебейсизби
-1
TIMON_BERKOWITZ
2020-04-03 15:51:23
Бул дүйнө убактылуу. Баарыбыздын бараар жерибиз акырет..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан