"Жарандар үйдө карантинде, бирок муниципалдык кызматтын өкүлдөрү күчөтүлгөн иш тартибине өтүштү", - деп жазылат Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө. Анда белгиленгендей, Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери бир күндүк айлык акысын коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын ачылган эсепке которушат.
"Бул каражат антисептикалык каражаттарды, шприц, инфекциядан коргоочу каражаттарды, кол кап жана башка дезинфекциялоочу каражаттарды алууга жумшалат", - деп жазылат маалыматта.
4-апрелге карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн бирдиктүү эсепке 96 миллион 919 миң 729 сом түшкөн.