Обсервацияда жаткандар жалпы эрежелерге баш ийбесе, кандай чара колдонулары айтылды

Бүгүн, 23-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында жалпы карантиндик эрежелерине баш ийбеген жарандарга карата административдик чара колдонулары айтылды. Мындан тышкары Айнура Акматова кошуналар карантин эрежелерин сактабай жатса, алгач телефон аркылуу байланышып түшүндүрүп, болбосо республикалык штабга билдирсе болорун билдирди.

Кыргыз өлкөсү боюнча 23-мартка карата коронавирус жуктурган жаңы учур жок экени айтылды. Өлкө боюнча ооругандардын саны 14 адам. Алардын арасынан бир жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы белгилүү болду.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев вирус жуктургандардын баары сырттан келгендигин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chake
2020-03-23 10:17:53
Өзүңдү сыйлабасаң да башкаларды сыйла эрежени так сактаганга аркет кыл вирусту тоготпой кочодо журуп түшүндүрүү иштерин укпаган Италияны көрүп жатабыз эмне болгонун
+7
murat17
2020-03-23 12:54:34
chake,эн туура айттын мекендешим карагы улутту турап карангы болбойлу мына азык тулуктун баасын дагы озубуз которуп алдык азыр магазинге бардым кече келген ундар бугун жок динди жакшы эле тушунобуз бирок билип туруп наборотун жасайбыз олум апааты келсе ун май калат
0
aerforce
2020-03-23 10:25:01
Журот журот баары эле тоготпой Ош базарга барсанар кочолордо кармап баарын эле корантинге жаткызып салгылачы
+3
aydinnur
2020-03-23 12:26:23
aerforce,значит сен дагы Ош базарга барган экенсин да ээ?))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан