"Коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом төлөнүп берилет" дейт вице-премьер

Бүгүн, 8-майда Өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйын берди. Анда вице-премьер-министр коронавирустун айынан каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилерин айтты.

"Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда кызматтык милдети учурунда коронавирус инфекциясын жугузуп алган саламаттыкты сактоо уюмунун медициналык жана башка кызматкерлерине 200 миң сом өлчөмүндө каражат төлөнүп берилет. Кесиптик парзын аткарууда коронавирус илдетин жуктуруп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом төлөнүп берилет. Бир жолку компенсация төлөө үчүн республикалык бюджеттен 50 миллион сом бөлүнөт. Акчаларды бөлүштүрүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлөт", - деди вице-премьер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erik2018
2020-05-08 12:32:36
Кыйын күндө даарыгерлер өз төшүн тосуп ооругандардын өмүрү менен күрөшүп жүрөт баарына рахмат айтам ооругандар сакайып кеткиле
+2
Jaznura
2020-05-08 12:38:43
Жүзүм айымдын барар жери бейиш болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан