Суткада өлкө аймагындагы ооруканаларда коронавирус оорусунан дарыланып жаткан 28 бейтап айыгып чыкты. Муну менен илдеттен айыккандардын саны жалпы 1961ге жетти.
Акыркы сутка ичинде өлкөдө дагы 132 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 19-июнга карата өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 2 миң 789.
Коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын бири каза болду. Мамлекетте коронавирустан улам каза болгондордун саны 32 болду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республика боюнча жалпысынан 533 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алса, алардын ичинен 381и айыгып чыккан.
Ош облусундагы Араван районунун акими Курманбек Айтибаевден коронавирус инфекциясы табылды.
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Бейшеналы Нурдиновго коронавирус жукту.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду, 18-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.