Салык төлөмдөрүн жылдыруу маселеси каралууда

Бүгүн, 23-мартта вице-премьер Эркин Асрандиевдин катышуусунда COVID-19 вирусунун экономикага тийгизген таасири боюнча онлайн маалымат жыйыны өттү. Анда салык төлөмдөрүн жылдыруу маселеси боюнча төмөнкүлөр каралды:

1. Салыктарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу;

2. Салык текшерүүлөрүн жүргүзүүнү токтотуу;

3. Электрондук эсеп-фактураларын, электрондук унаа-жүк ташуу коштом кагаздарын жана виртуалдык ККМ (контролдук-кассалык машина) киргизүү мөөнөттөрүн жылдыруу.

“Эгерде биз салык төлөмдөрүнүн өлчөмүн кыскартсак, анда бул пенсиялар менен жөлөк пулдарды төлөп берүүгө таасирин тийгизет, учурдагы кырдаалды реалдуу баалаш керек”, - деп жооп берди вице-премьер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aslonur
2020-03-23 19:15:20
Кредит не болду айланайындар жазып койгулачы
0
Dani
2020-03-23 22:26:16
aslonur,эгерде сооданыз болсо мисалы дукон же кафе иштетип анан вируска карантин болуп жабылып калса 3 айга жылдырсаныз болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан