Москвада сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын 85 пайызын 65 жашка чейинкилер түздү

Орусиянын борбору Москва шаарында акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган 2 миң 988 адамдын 85 пайызын 65 жашка чейинки адамдар түзөт. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабына таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Москва шаарында акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын 77 пайызы - 18ден 65 жашка чейинки адамдар. Ал эми коронавирус аныкталган 18 жашка чейинки өспүрүмдөр 8 пайызды түзгөн. Калган 15 пайызы 65 жаштан улуу адамдар.

Москва шаарында 22-майга карата 158 миң 207 адамдан инфекция аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан