Бүгүн, 23-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берди. Анда SUPER.KG порталы министрликтин өкүлүнө "Коронавирус жуктуруп алган 1949-жылы туулган жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, анын абалы кандай?" деген суроо узатты.
"Аталган жарандын учурда абалы туруктуу. Ага оң тараптуу пневмония деген диагноз коюлган. Учурда дарылоо иш аракеттери көрсөтүлүп жатат", - деп жооп берди Акматова.
23-мартка карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен ооруган адамдардын саны – 16.