"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 817 миң 310го жетти

Бүгүн, 26-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 23 миллион 811 миң 263 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 15 миллион 479 миң 484 бейтап айыгып чыкса, 817 миң 310 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 775 миң 416 адамдан коронавирус аныкталды. 178 миң 406 адам каза болсо, 2 миллион 53 миң 699 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 669 миң 995 адамдан аныкталды. 116 миң 580 адам каза болсо, 3 миллион 28 миң 912 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 3 миллион 167 миң 323 адам вируска кабылган. 58 миң 390 бейтап көз жумса, 2 миллион 404 миң 585 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан