Бүгүн, 8-июнь саат 10:00гө карата өлкөдө дагы 25 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын ичинен экөө чет өлкөдөн келген жарандар, 13ү медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Калган 10 бейтаптын жугузуп алган шарттары белгисиз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тарабынан белгилүү болду.
Бишкекте - 18;
Чүйдө - 7.
Өлкөдө жалпы 2 миң 32 адамдан коронавирус аныкталды.