ӨЗГӨЧӨ АБАЛ: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ноокат, Кара-Суу жана Сузакка 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизилет

25-март саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы санитардык-карантиндик постторду өтүүдө азык-түлүк жана башка эл керектөөчү товарлар менен оор жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

Өзгөчө абал деген эмне?

Өзгөчө абал - өлкөнүн бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо. Конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара.

Кандай учурларда киргизилет?

  • биологиялык мүнөздөгү: эпидемия, эпизоотия, эпифитотия;
  • социалдык мүнөздөгү: зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу;
  • табияттык-техногендик мүнөздөгү: табигый кырсыктар, кыйроолор, эгерде алар конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирсе.

Кыргыз өлкөсүнүн бүткүл аймагында өзгөчө абалды Жогорку Кеңеш киргизет. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат.

Өзгөчө абалдын шартында колдонулуучу чаралар:

  • коомдук тартипти, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого, коргонуу жана Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрүн тартууну;
  • туруктуу же убактылуу турак жайды милдеттүү түрдө берүү менен коркунучтуу чөлкөмдөрдөн жарандарды убактылуу көчүрүүнү;
  • жарандардын келип - кетүүсүнүн өзгөчө тартибин киргизүүнү;
  • айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө белгилүү бир жерди, өз батирин (үйүн) таштап кетүүгө тыюу салууну, коомдук тартипти бузушкан аймактык жашоочусу эмес, анын ичинде чет элдик да жарандарды, алар туруктуу жашаган жерден же өзгөчө абал жарыяланган жердин тышка алардын каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберүүнү;
  • жарандардан ок атуучу жана ок атпоочу куралдарды жана ок дарыларды, ал эми ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан окуп - үйрөнүүчү аскер техникасын, жарылуучу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды таасири күчтүү химиялык жана уу заттарды убактылуу алууну.
  • чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди, ошондой эле оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну;
  • ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана сатуу боюнча пландарына өзгөртүү киргизүүнү, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө тартибин белгилөөнү, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелерин чечүүнү;
  • мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин кызматка коюуну жана бошотууну, жүйөлүү себептерден башка учурларда, жумушчулардын жана кызматчылардын өз ыктыяры менен иштен бошонуусуна тыюу салууну;
  • өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана аларды коюу үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстарын пайдаланууну;
  • иш таштоолорго тыюу салууну;
  • эмгекти коргоонун талаптары милдеттүү сакталганда ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө үчүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн эмгекке жарактуу жарандарды жана транспорт каражаттарын тартууну;
  • курал-жарактар, таасири күчтүү химиялык жана уу заттар, ошондой эле спирт ичимдиктери жана спирттүү заттар менен соода кылууга чек коюуну же тыюу салууну;
  • карантин киргизүүнү жана башка милдеттүү түрдөгү санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү;
  • эгерде бул каражаттар өзгөчө абал жарыяланган жерде түзүлгөн курчутууга пайдаланылса, көбөйтүүчү техниканы, ошондой эле радио жана теле берүүчү аппаратураны, аудио - жана видео техниканы пайдаланууну чектөөнү же тыюу салууну, үн күчөтүүчү техникалык каражаттарды алып коюуну, массалык маалымат каражаттарына киргизүүнү;
  • байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелерин киргизүүнү;
  • дипломатиялык кызматтардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан башкалардын транспорт каражаттарынын анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын чектөөнү жана аларды карап чыгууну;
  • коменданттык саатты киргизүүнү;
  • кырдаалды жайгаштырууга тоскоолдук кылган саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, массалык кыймылдардын, жарандардын өз алдынча бирикмелеринин иш аракеттерин токтото туруу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган, жарандардын куралдуу конуштарын түзүүгө жана алардын иш-чаралардын тыюу салууну;
  • көпчүлүк жарандар топтолгон жерлерде документтерди текшерүүнү, ал эми зарыл учурларда жарандарда курал бар экендигин билдирген маалымат болсо, жекече типтүүнү, буюм-тайымдарын, транспорт каражаттарын типтүүнү колдоно алышат;
  • мыйзамдарда белгиленген тартипте ордун толтуруу менен мүлктү алууну;
  • өсүмдүктөрдү, айбанаттарды жана башка мүлктөрдү жок кылууну;
  • финансылык операцияларды жүргүзүүнү жөнгө салууну;
  • жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлору, туулган күндөрдү жана башка салтанаттуу иш-чараларды) өткөрүүнү жөнгө салууну;
  • өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги иштерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттик материалдык резервди пайдаланууну.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ermekbai
2020-03-24 09:59:45
Жалпак тил менен эле түшүндүргүлөчү
+15
Milduri
2020-03-24 11:06:23
Ошондо бул Коменданттык саат болобу? Түшүнүктүү, ток этерин жазып маалымат берип койсоңуздар, саат канчадан канчага чейин болот? Сыртка продукты үчүн чыкса да болбой калабы ошондо?
+7
bekbolotabdirasulov
2020-03-24 17:15:12
Milduri, ошондой болуп калат ко деймин.
комендатские часы деп коюшатко ошондой.Убактылуу чектоо киргизишет, продуктуларга чыга бересиз болгону куч органдары сыртта баарын козомолдоп турушат...
0
aerforce
2020-03-24 13:17:45
Баардык район айылдарга чейин киргизгилечи такыр чыкпасын уйдон бири бирине жуктурбай
+4
lazygirl
2020-03-24 13:20:52
Каяктагы керексиз нерселерди жазгансынар. Азыркы кырдаалга керектүүсүн эле жазып койсоңор, бирин түшүнгөн жокмун.
+4
aizbek
2020-03-24 16:14:37
таптакыр откозбойбу ошондо,
+2
Samatalibei
2020-03-24 18:28:53
aizbek, Үйдөн чыкканга да болбойт! Көчөдө ибасып жүргөнгө да болбойт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан