Бүгүн, 23-май күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча онлайн брифинг берүүдө.
"Нарын облусунда жалпы 242 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын арасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен, башка мекемелерден жардамга барган эпидемиологиялык кызматкерлер да бар. Ал жакта көпчүлүк бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, аралыкты сактабай жатышат.
Ак-Талаадагы коронавирус илдетин жуктурган 18 адамды иликтеп келгенде, облустук төрөтканадан чыккан 2 келинден жукканы маалым болду. Алардын жакын туугандарынан 1-катардагы байланыштан 11 адамдан вирус аныкталган, экинчи катардагы байланышкан топтон 6 адамдан чыгып жатат. Азыр бардык окуя боюнча эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди Үсөнбаев.