ЖКда жол оңдоого 129,8 миллион доллар өлчөмүндө кытай банкынан насыя алуу келишиминин долбоору талкууланды

Бүгүн ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КРнын Өкмөтү менен кытай банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Баткен-Исфана жолун калыбына келтирүү жумуштарын каржылоо боюнча макулдашуу долбоору талкууланды. Аталган долбоорго ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун экинчи жана төртүнчү категориядагы Кубаакы участогун жана Ош-Баткен-Исфана жолунун айрым бөлүктөрүн оңдоого кытай банкы тарабынан 129,8 миллион доллар өлчөмүндө насыя берилмекчи. Насыя 2 пайыз жылдык үстөгү менен берилип, карызды төлөө 2020-жылы башталат. Талкуу жүрүшүндө депутат Нарынбек Молдобаев 2 пайыздуу насыя кыргыз тарап үчүн кымбат түшүп каларын белгилесе, депутат Абдырахман Маматалиев келишимге кол коюлар алдында кытай тарап менен жол куруу ишине тартылган жергиликтүү жумушчуларга өз адистери менен бирдей өлчөмдө айлык төлөө шартын тактап алуу сунушун айтты. Бул эл аралык келишимге ШКУнун кезектеги жыйынында кол коюлуп, парламентте бекитилиши керек. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан