Казакстан кирешесинен айрылган жарандарга ай сайын 95 доллар төлөп турмай болду

Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кирешелеринен кол үзгөн жарандарга ай сайын 42 миң 500 тенге (95 доллар) төлөнмөй болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыкты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөгө киргизилген өзгөчө абал боюнча жыйында Алматы шаарында жумушка барган кызматкерлердин саны 266 миңге азайгандыгы жана жеке ишкерлердин 80 пайызы ишин токтоткону тууралуу билдирген. Коронавирус пандемиясы болжолдуу түрдө 500 миң шаардыктардын каржылык абалына зыянын тийгизген. "Өзгөчө абал киргизилген учурда киреше булагынан айрылган адамдарга 42 миң 500 тенге (95 доллар) айлык бөлүнүп турат", - деген Токаев. Мындай жардамга 1 жарым миллион мекендештер үмүт кылса болот.

Ошондой эле президент көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка коомдун социалдык аярлуу катмардагыларына үзгүлтүксүз бекер азык-түлүк таратып турууну буюрган.

Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу Казакстанда 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2020-03-24 13:10:55
Балалүү эмес балалуу болуп жазылат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан