Кечээ, 1-июлда Ош шаардык ооруканасында (эски имаратында) 2020-жылдын 29-июнунан бери коронавирус оорусу менен катуу сыркоолоп, дарыланып жаткан 1986-жылы туулган келин аталган оорукананын 3-кабатынан боюн таштап жиберген. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өз жанын кыйган аял оор жаратынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Учурда укук коргоо кызматкерлери саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте бул кайгылуу окуяны иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Маркум 1986-жылы туулган Ош шаарынын тургуну. 25-июнда жаңы төрөгөн. Өзү дарыланып жатканына байланыштуу наристеси апасынын колунда болгон.