БШКнын төрайымынын орун басары: "Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн узартуу үчүн атайын документтин кереги жок"

Борбордук шайлоо комиссиясы республикага киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду убактылуу токтотту.

Аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн узартуу үчүн атайын документтин кереги жок экенин айтты.

"Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн узартуу үчүн атайын документтин кереги жок. Себеби жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттары биринчи сессияга чогулган күндөн баштап мурдагы шайланган депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулат", - дейт Бекматов.

Буга чейин шайлоо12-апрелге белгиленген болчу. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештеринде өтмөк.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан