Аллергия менен жабыркагандар үчүн вакцина алуунун каршы көрсөтмөлөрү бар. Аллергия вакцина алууга тыюу салбайт, бирок айрым сактык чаралары жана каршы көрсөтмөлөрү жөнүндө билип алуу зарыл экенин республикалык штабдан кабарлашты.
- оорунун күчөп кетиши;
- мурун адамдын ден соолугуна зыян келтирген аллергиялык реакциялардын болушу (анафилактикалык шок же Квинке шишиги);
- вакцинанын компоненттерине болгон гиперсезгичтик;
- мындан башка вакцинага гиперреактивдин болушу;
- кошумча оорулардын, анын ичинде өнөкөт оорулардын болушу;
- 18 жашка чейинки курак;
- курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар.
"Калкты эмдөө - бул COVID-19 инфекциясын жеңүү үчүн зарыл жана натыйжалуу чаралардын бири, бул жамааттык иммунитетти тез өнүктүрүп, ковидге чейинки жашоого кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берет", - дейт Кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев. Ал масштабдуу эмдөө кампаниясы менен гана ар кандай пандемияны, анын ичинде коронавирусту жеңүүгө болорун белгиледи.
Бул учурда чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап, дарыгер менен бардык мүмкүн болгон көрсөтмөлөрдү жана каршы көрсөтмөлөрдү такташ керек.