Бишкекте пневмониядан эки прокурор каза болду

Бишкекте эки тараптуу пневмониядан эки прокурор каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун бири Бишкек шаардык прокуратурасынын 50 жаштагы башкы прокурору Эрмек Төрөкулов, ал эми экинчиси 48 жаштагы Башкы прокуратуранын тергөө жана издөө иш-аракеттерин көзөмөлдөө боюнча прокурору Рустам Кожобеков.

"Эки кызматкер тең өз иштеринин устаттары болчу. Эрмек Төрөкулов прокуратурада 1996-жылдан бери эмгектенип келсе, Рустам Кожобеков 2005-жылдан бери өз кызматын өтөп келген. Башкы прокуратура эки кызматкердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан